2017-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө мамлекеттик жана саясий ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган “Улутубуздун унутулгус уулу” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү коомдук жана партиялык мамлекеттик ишмер С.Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй облусуна караштуу Алчалуу айылында туулган.
1943-жылы 8-классты бүтүп, Ленин атындагы колхоздо колхозчу болуп иштеп эмгек жолун баштаган. 1944-1946-жылдары Дөң-Арыктагы МТСте тракторист болуп иштеген.
Ал 1946-1949-жылдары Фрунзедеги гидромелиоративдик техникумдан окуп, аны бүткөн соң Чүй райондук суу тармактар башкармасында участкалык гидротехник болуп иштейт.
1952-1955-жылдарда Ташкенттеги айыл чарба ирригация жана механизациялаштыруу институтунан билим алып, 1955-1957-жылдары Кыргыз Илимдер Академиясынын суу чарба жана энергетика институтунда кенже илимий кызматкер, Кыргызстан Компартиясынын БКнын илим, жогорку окуу жайлар жана мектеп бөлүмүнүн инспектору, Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы (1959-1961), Кыргыз ССР мелиорация жана суу чарба министри (1961-1966), КП БКнын катчысы (1966-1968), КП Ош обкомунун (1968-1978) биринчи катчысы болуп үзүрлүү иштеп, элине ак кызмат кылган.
С.Ибраимов 1978-жылы августта Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Төрагасы, ошол эле жылдын декабрь айынан баштап 1980-жылдын декабрына чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин Председатели болуп иштеген.
СССРдин Жогорку Советинин VIII-X чакырылыштарынын жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин IX чакырылышынын депутаты, КПССтин XXIV съездинин делегаты, КП БКнын бюро мүчөсү болгон.
Мамлекеттик ишмер мектеп, бала бакчаларды, ооруканаларды, көпүрөлөрдү салдырып, тоо-таштарды буздуруп жол салдырган. Төмөнкү Ала-Арча жана Жогорку Ала-Арча суу плотиналарынан тартып, Таластагы Киров, Ала-Букадагы Папан суу сактагычтарын жана Токтогул, Күрп-Сай ГЭСтерин куруу ишинде өзү жетекчилик кылып эмгектенгендиги элинин эсинде. Өзгөчө Чаткал жайлоолору менен айдоо жерлерин, Кенес-Анархайдагы жайыттарды өздөштүрүү маселесин колго алып өздөштүрүүдө өзүнүн чоң салымын кошкон.
Жердигинен карапайым, мээнеткеч жетекчи элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, маданий жашоосунун өнүгүп-өсүп гүлдөшүнө да көп көмөк көрсөткөн.
Коомдук ишмер бул жарык дүйнөдөн эрте өтүп кетсе да, өзүнүн элине кылган татыктуу ак эмгеги аркылуу келечек муундарга тарбия катары калып, жаркын элеси, ак кызматы эч унутулбастан муундан-муунга өтөт.
С.Ибраимовдун эмгеги бааланып, эки Ленин ордени, Октябрь революциясы жана эки ирет Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган.
1980-жылы 4-декабрда күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайткан.
Анын аты өзү туулуп өскөн айыл өкмөтүнө, борбор шаардын бир көчөсүнө, Оштогу Кыргыз драма театрына берилген.
Көргөзмөдө С.Ибраимов жөнүндөгү китептер, газета-журналдык публикациялар, макалалар, эскерүүлөр орун алган.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел: 30-47-04