2012-жылдын 27-сентябрында 11.00дө улуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун 90 жылдыгына арналган “ХХ кылымдын кыргыз адабиятынын классиги” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын конференциялык чоң залында улуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган эскерүү кечесинин жана “ХХ кылымдын кыргыз адабиятынын классиги” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болду.
Улуттук китепкананын директору, профессор Ж. К. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмөнү ачып, төмөнкүлөргө токтолду. Эмгек жолун 1938-жылы фельдшердик пункттун башчысы болуп иштөөдөн баштап, жазуучунун чыгармачылыгы согуштан кийин очерк, аңгеме, сын-макалаларды, бир актылуу пьеса жазуудан башталып, 1947-жылы Кыргыз драма театрынын сахнасында «Кумдуу чап» пьесасы коюлуп, кийин учурдагы турмуш чындыгынан алынып жазылган «Замандаштар» (1948), «Курман» (1950) аттуу пьесаларын жазгандыгын, драматургдун 1950-жылдары жазылган «Борбаш», «Атабектин кызы», «Тар капчыгай», «Ашырбай» аттуу пьесалары автордун орус жана дүйнөлүк драматургия өнөрүнүн жетишкендиктерин айкындап, улуттук салттарды өнүктүрүп, жаңы форма, ыкмаларды издеген улуу драматург болгондугуна токтолду.
Сөз Маданият жана туризм министринин орун басары К. К. Кулуевге берилип, ал анын 1960-жылдары жазылган «Абийир кечирбейт», «Каркыралар кайтканда», «Сүйүү жанат», «Кадырлаштар», «Машырбек үйлөнөт», «Ыйык таштар», «Бюро жүрүп жатат», «Жыгылган ооганга күлөт» сыяктуу драмаларынын тематикалык багыттары ар түрдүү, көркөмдүк жагынан, мазмуну жагынан жогору болгондугун, улуу драматургдун адамгерчилиги бийик болгондугун, жөнөкөйлүгүн, таланттуулугун айтып эскерип өттү.
Кыргыз Эл жазуучулары, акындары, К. Жусупов, М. Тойбаев, О. Султанов, Кыргыз Эл артисттери Б. Алагушов, С. Далбаевдер сөз сүйлөшүп, кыргыздын багына жаралган укмуштуудай таланттуу адам, ошондой эле анын асыл касиеттерин, драматургия жанрында опол тоодой эмгек өтөгөндүгүн, согуштун баатыры Чолпонбай тууралуу жазылган «Чолпонбай» драмасы, элдик оозеки чыгармалардан «Карагул ботом», «Алдар Көсөө», «Биз анын балдарыбыз» драмалары да драматургдун калемине таандык экендигин, ал көркөм проза жазууда да өзүн сынап көрүп «Жүкөш», «Жакшы адамдар» аттуу чыгармаларын, «Алыскы тоолордо» деген көркөм фильмдин сценарийин жазгандыгын, анын пьесалары көптөгөн мамлекеттик театрларда, «Абийир кечирбейт» драмасы СССРдин 40тан ашык театрларында, «Тар капчыгай» пьесасы Москванын Е. Вахтангов атындагы Мамлекеттик академиялык театрында коюлуп келгендигин айтып өтүштү. Сөз Т. Абдумомуновдун баласы Исхак Абдумомуновго берилип, ал Улуттук китепкананын жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирди. Азыркы күнгө чейин кыргыз драмтеатрында Т. Абдумомуновдун пьесалары сахнадан түшпөй коюлуп келе жатат.
1967-жылы Т. Абдумомунов «Абийир кечирбейт», «Сүйүү жана үмүт» пьесалары үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын биринчи лауреаты болгон.
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, «Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери» деген наамдар ыйгарылган.
СССР Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Чыгармачыл иши жогору бааланып, үч ирет Эмгек Кызыл Туу жана «Эл достугу» ордендери, медалдар, Ардак Грамоталар менен сыйланган.
Анын ысымы Кыргыз Улуттук драма театрына, көчөгө ыйгарылып берилген. Т. Абдумомунов атындагы Эл аралык сыйлык уюштурулган.
Китеп-сүрөт көргөзмөсүндө анын бардык китептери, газета-журналдык макалалар, публикациялар, интервьюлары, эскерүүлөр, ой-пикирлер орун алды.
Көргөзмөгө мамлекеттик, коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын кызматкерлери, акындар, драматургдар, жазуучулар, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, окурмандар катышышты.