Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Сынчы, адабиятчы Е. К. Озмительдин туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата китеп көргөсмөсү

Сынчы, адабиятчы Е. К. Озмительдин туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата китеп көргөсмөсү
06 Авг 2021

КР Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2021-жылдын 9-августунда сынчы, адабиятчы Е. К. Озмительдин туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата китеп көргөсмөсү окурмандарга тартууланат.
Озмитель Евгений Кузьмич 1926-жылы Казакстандын Алматы шаарында төрөлгөн.
Адабиятчы, сынчы, 1974-жылы филология илимдеринин доктору, 1975-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1976-жылы профессор наамын алган, 1979-жылы Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими деген ардактуу наамга ээ болгон. 1952-жылы КМУну бүтүргөн.
Е. К. Озмительдин чыгармачылыгы 1943-жылдан башталган. 1955-жылы КМУда кафедра башчысы болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. 1952-жылдан баштап алгачкы очерктери, макалалары жарыялана баштаган.
Озмителдин адабият таануу жана адабий сындагы илимий эмгектеринде Маяковскийдин чыгармачылыгы, сатира теориясы жана тарыхы, кыргыз адабиятынын башка улуттук адабияттар менен байланышы изилденет. Кыргыз мектебинин 10-классы үчүн “Орус совет адабияты” окуу китебине авторлош болгон.
Е. К. Озмитель 1960-жылы “Красный Дьявол”, 1962-жылы “Классики советской сатиры”, 1964-жылы “Советская сатира”, 1966-жылы “Ревалюционная сатира”, 1971-жылы “Литература горного края”, “Теория революционной сатиры”, 1973-жылы ”О сатире и юморе”, 1975-жылы ”Кыргызская литература и современный литературный процесс”, 1977-жылы “Современность- источник поисков, новаторства, мастерства”, 1980-жылы “Наследия классикии киргизская литература”, 1984-жылы ”Обновленная суть национальной поэзии”, 1986-жылы “Теория литературы”, 1987-жылы “Введение в литератураведение” деген жана башка көптөгөн монографиялардын, 400дөн ашык макалалардын автору болгон.
Озмитель Евгений Кузьмич 1994-жылы Алматы шаарында дүйнөдөн өткөн.
Бул китеп көгөзмөгө ал жөнүндө жазылган макалалар, өмүр баяны, ар жылда басылып чыккан өзүнүн эмгектери жайгаштырылды.

Дареги: КР УК. 2этаж №57 каб.