Эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун 75 жаш кутман курак мааракесине карата тандалма чыгармалар жыйнагынын 21 томдугу жарык көрдү.
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада китептер топтомунун ачылышы , “Асыл ой, Ак сөз, Адал иш” китеп жана сүрөт көргөзмөсү өтөт. Ага, мамлекеттик катчы Сүйүмбек Касмамбетов, маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, адабият жана маданият өкүлдөрү катышат.
21 томдук жыйнакка: “Таңдын ырахаты” ырлары, “Мээрим” ыр менен жазылган романы, “Элет” аңгемелери, “Кыргызчылык”, “Кыргыз жолу”, “Учкул сөздөр”, “Көкөй кести” драмалары, “Обондуу ырлары” кирген.
Ал эми көргөзмөгө Эл жазуучусунун бала чагы, жаш кези, чыгармачылыктагы орунттуу окуяларды камтыган сүрөттөрү, сыйлыктары жана китептери, ММКна чыккан макалалары коюлган.