Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз-казак акын-жазуучуларынын ортосунда адабий телекөпүрө болуп өттү

Кыргыз-казак акын-жазуучуларынын ортосунда адабий телекөпүрө болуп өттү
23 Апр 2025

23-апрель – Бүткүл дүйөлүк китеп күнү майрамын утурлай 22-апрелде, саат 11:00дө Түркистан областтык «Фараб» илимий китепканасы менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын катышуусунда Zoom платформасы аркылуу «Китеп – достуктун элчиси» деп аталган эл аралык телекөпүрө болуп өттү.

Иш-чарага атайын «Түркистан Медиа Холдинг» ЖЧКсынын башкыаруучу директору, журналист, тарыхчы Тельман Бейсен, Казакстан Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Сайлаухан Жоланов, Түркистан областтык «Фараб» илимий китепканасынын директору Жанат Шардарбекова катышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынан Улуттук китепкананын директорунун орун басары Динай Жанабылова, акын-жазуучулардан «Кыргыз акын-жазуучулары» фондунун, «Кайрыктар Казынасынын», «Чүй кайрыктары» адабий уюмунун жана достук алакада «Түрк Аалам» калемгерлеринин,ошону менен бирге Казак эл аралык акындар уюмунун, «Дүйнө таланттары» уюмунун (Казакстан) мүчөсү, акын Гүлнара Абдылдаева менен «Кыргыз акын-жазуучулары» фондунун, Кайрыктар казынасынын, жана Эл аралык жазуучулар уюмунун мүчөсү, Түрк ааламы калемгерлери, Дүйнө таланттар уюмунун, Чүй, Нарын кайрыгы уюмдарынын мүчөсү, учурда атайын багыттагы полктун кызматкери Гүлгакы Жаныбаева, Абай Кунанбаев атындагы борбордун кызматкери Майрам Сооноева катышып, байланышка кошулушту.

Бул эл аралык маданий иш-чара боордош кыргыз жана казак элинин ортосундагы адабий-руханий байланышты бекемдөөгө багытталган.