2010-жылдын 31-мартында саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында белгилүү жазуучу, коомдук ишмер, драматург, публицист, котормочу, режиссер, адабият таануучу Мар Байжиевдин 75 жылдыгына байланыштуу жана атасы Ташым Искакович Байжиевдин 100 жылдыгына карата «Жазуучу, илимпоз, режиссер, котормочу» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.
Адабиятчы, сынчы, драматург Ташым Искакович Байжиев Кыргыз Илимдер Академиясынын алдындагы фольклор жана «Манас» эпосунун секторунун башчысы, тарых жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүн башкарат. Кыргыз мамлекеттик пединститутунда мугалим болуп иштейт.
1927-1928-жылдарда «Кызыл Кыргызстан» гезитинде «Чабуул», «Маданият жолунда» журналында «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Тер сууда», «Суу боюнда» ж.б. чакан повесть, аңгемелери чыгат.
1930-1940-жж. өзүнүн чыгармачылыгын сынга, адабият таануу жана тил илимине жумшайт. Адабиятчы Зияш Бектенов менен бирдикте Кыргыз грамматикасы жана адабияты боюнча биринчи окуу китептеринин автору болот.
Т. Байжиев театр ишине да бир топ эмгек сиңирген. 1944-жылы анын согуш жөнүндө жазган «Жигиттер» пьесасы басылып чыккан. Кыргыз драма театрында анын котормосу боюнча А. Треневдин «Любовь Яроваясы», А. Островскийдин «Сепсиз кызы» коюлган.
Т. Байжиев 1950-жылы айыпсыз куугунтукка алынып, репрессияланган жана 10 жылга эркинен ажыратылган. 1955-жылы толугу менен күнөөсү акталган.
Ата жана бала Байжиевдер Улуттук маданияттын, илимдин өнүгүшү үчүн залкар эмгектерин жумшашкан, эл арасында алардын атак-даңкы, таланттары кеңири катмарга белгилүү.
1961-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1966-жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, Мар Ташымович кыргыз жана орус тилдеринде жазып, жазуучу, драматург гана эмес, сынчы, котормочу, адабият таануучу катары да таанылган.
1961-жылы алгачкы «Кара курт» аттуу сатиралык аңгемелер жыйнагы жарык көрөт. Дипломдук иш катары «Башкалардын бактысы» («Чужое счастье») аттуу киносценарий жазып, ал кийин «Өзбекфильм» тарабынан көркөм фильм тартылып, кинофестивалда атайын сыйлыкка татыктуу болот. Мар адегенде кинодраматург жана прозачы катары таанылат. Биз анын чыгармалары боюнча тартылган «Алыс сапар жол жүргөн поезд» («Поезд дураков»), «Нөшөр» (Ливень), «Ак илбирстин тукуму» («Потомок белого барса»), «Алтын күз» («Золотая осень»), «Жаңы жыл алдындагы түн», «Нокдаун» сыяктуу кинофильмдерди келтирсек болот.
М. Байжиевдин пьесалары «Балдар бойго жеткенде», «Дуэль» («Эрөөл») кыргыз, орус драма театрларында коюлуп, ал гана эмес Советтер Союзунун дээрлик бардык театрларында, чет жерлерде; Болгария, Венгрия, ГДР, Монголия, Польша, Румыния, Чехословакия, Австрия, Швеция, Финляндия, Коста-Рика жана башка жерлерде саякаттап отуруп, 200гө жакын сахналарда ойнолуптур.
М. Байжиев К. Жантөшевдин, Тоголок Молдонун жана башка авторлордун чыгармаларын орус тилине которгон. Азыркы мезгилде «Манас жөнүндө баян» эпостук чыгармасы сахнада Ч. Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрында ийгиликтүү өтүп жатат.
Ага «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам берилген. Кыргыз кино академиясынын академиги, Искусство институтунун профессору, СССР кинематографиясынын отличниги, «Манас» орденинин кавалери, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, азыркы мезгилде «Седеп» фондунун президенти.
М. Байжиев жөнүндөгү маалыматтар көргөзмөнүн ар түрдүү экспозицияларында чагылдырылат, бөлүмдөр: «Өмүр жолу», «Илимий изилдөөлөрү», «Көркөм котормонун чебери», «Кино жана театр». Атасы Ташым Байжиев жөнүндөгү материалдар «Эл уулу эч качан унутулбайт» деген бөлүмдө орун алган.
Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданияттын, илимдин кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү М. Т. Байжиевдин достору, туугандары, таланттын окурмандары катышышат.