2025-жылдын 26-июлунда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Кайрыктар казынасы» коомдук бирикмеси уюштурган “Адабият уңгу жолунда” аталыштагы биринчи Эл аралык курултайдын тренинг-семинары болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын жети дубанынан жана Москва, Сахалин, Екатеринбург, Америкадан келген калемгерлер катышты.

Бул семинар-тренингдин негизги максаты кыргыз тилин сактоо эле эмес, өнүктүрүү, ар бир сөздүн маанисине көңүл буруу, азыркы жана келечек муундарыбыздын сөздү туура колдонуусуна кам көрүү болуп саналат.
Жыйында Кыргыз Эл акыны, публицист, котормочу Маркабай Ааматов “Залкарлар сабагы” деген темада, Кыргыз Республикасына караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын басма сөз катчысы Калмурат кызы Турсунай “Жасалма интеллект жана поззия дүйнөсү” темасында, акын-жазуучу, котормочу, адабиятчы Жумадин Кадыров “Китепти туура окуунун технологиясы”, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу Алтынбек Исмаилов “Ыр түзүлүшү” темасында баяндама жасады жана коомдук бирикменин мүчөлөрүнүн жарыяланган альманах, макалалары, автордук китептери көргөзмөгө коюлду.
