Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Музыкалык мектептер менен жогорку окуу жайларына китептер тапшырылды

Музыкалык мектептер менен жогорку окуу жайларына китептер тапшырылды
29 Июл 2025

Бүгүн, 29-июлда, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тарабынан борборубуздагы музыкалык билим берүүчү М. Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатына, П. Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебине, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясына, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук маданият жана искусство университетине, ошондой эле ОшМУ, И. Арабаев атындагы КМУ, К. Карасаев атындагы БМУ, К. Тыныстанов атындагы ЫМУ, Ж. Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз-Түрк «Манас» университеттеринин журналистика факультеттерине китептер тапшырылды.

 

 

 

 

 

Иш-чарага Улуттук китепкананын директорунун орун басары С. Кырчообаева жана аталган окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

 

Белгилүү болгондой, китептер КР Президенти С. Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата басылып чыккан.