Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Куттумидин Базаркуловдун «Аксакал» китебинин бет ачары болуп өттү

Куттумидин Базаркуловдун «Аксакал» китебинин бет ачары болуп өттү
28 Авг 2025

2025-жылдын 27-августунда А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Ч. Айтматов залында, Базар-Коргон районундагы Коргон-Жар  чебинин ачылышына карата, Куттумидин Базаркуловдун «Аксакал» аттуу китебинин бет ачары болуп  өттү. Анда кылымга тете жашап, токсон жашка чыккан Орозбек Шабданов аксакалдын өмүрү, кылым ичиндеги тарыхый окуялар баяндалган

Иш-чарада чыгарманын жаралуу тарыхы жана анын мааниси тууралуу айтылып, тарыхчылар, акын-жазуучулар, адабият сүйүүчүлөр катышты.

Айтылган маалыматтарда белгилүү болгондой, Орозбек Шабданов 2011-жылы Оштогу бузулуу коркунучунда турган археологиялык эстеликтердин абалы тууралуу маселе көтөрүлүп жаткан убакта атайын Бишкекке келип, Кыргыз туусу газетасынын редактору менен жолугуп, айылындагы кароосуз калган эстелик тууралуу  көйгөйүн айтат. Орозбек аксакал туугандары менен Жалал-Абад облусунун Шыдыр айлындагы байыркы Коргон-Жар курулушу менен тааныштырганда, баргандар Шыдыр айлынын түштүк тарабындагы көлөмдүү бийик дубалдар менен курчалган шаар калдыгын көрүп, таң калышкан. Анткени, бул жер Кыргызстандын археологиялык картасында катталбаган шаардын тагдыры болгон.

 

Айыл тургундары кокусунан чопо идиш таап алса да мектептин музейине жеткиришет. Орозбек аксакал улам мезгил өткөн сайын шаар аянты бузулуп, айрым жерлери айдоо аянтына айланып бара жатканын  күйүп-бышып кеп кылып, өз мезгилинде дубалдарды бузулуудан сактап калгандардын бири.

Коргон-Жар шаарчасын жана ага жакын аймактагы эстеликтерди изилдөө иши 2011-жылдан бери быйыл, 2025-жылы ишке ашып, биринчи жолу археологиялык изилдөө  иши башталган. Алгачкы баамдоолор боюнча Коргон-Жарда коло доорунда (б.э.ч. II миӊ жылдыктан тартып) жашоо-тиричилик башталган. Негизги курулуштар эрте темир дооруна таандык. Айрыкча Даван мамлекети учурундагы археологиялык издер Коргон-Жарда жана анын айланасында көп. Коргон-Жардан башка айылдагы ондон ашуун көлөмдүү дөбөлөр байыркы – 2 миӊ жыл мурунку сырларды камтып жатат. Азыркы учурда аларды сактап, археологиялык казуулар аркылуу сырын тартуу милдети турат.

Казуулар ийгиликтүү жүрүүсү үчүн Орозбек аксакал келин-уулу, неберелери менен бирге көмөктөшүп, анын үйүнүн бир бөлмөсүндө келечектеги музейдин чакан экспозициясы түзүлгөн. Коргон-Жарда көп жылдык казуулардан кийин баалуу илимий маалыматтар алынат деген божомолдор бар. Алды ала айтылгандарга караганда, Коргон-Жар жана анын айланасы тарыхта так маалымдалган Даван мамлектинин 70 шаарынын бири болгон.