Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы масштабдуу түрдө техникалык жана музыкалык жабдуулар менен жаңыланды. Мындай заманбап компьютердик жана музыкалык жабдууларды сатып алуу Улуттук китепкананын тарыхында биринчи жолу болууда жана бул каржы мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Санариптик трансформациялоо жана өлкөнү маданий өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашты.
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча 74 компьютер, ошондой эле интерактивдүү доска алынды. Бул компьютерлер китепкананын тармактык бөлүмдөрүнө, электрондук каталогдор залына жана Электрондук ресурстар борборуна коюлат.

Улуттук китепкананын жетекчилиги белгилегендей, заманбап техникалар кызматкерлердин иштөөсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, ошондой эле окурмандар үчүн өз алдынча, илимий иштерди жазуусуна шарт түзүп, электрондук ресурстарга жана санариптик сервистерге жеткиликтүү болууга жол ачат.
