Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Алымбек датка – тарыхый инсан”

“Алымбек датка – тарыхый инсан”
29 Сен 2025

2025-жылдын 29-сентябрында А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын массалык-маалымат иштер бөлүмү “Алымбек датка – тарыхый инсан” аталыштагы көргөзмө уюштурду.

Айтылуу Алымбек датка XIX кылымда кыргыз элинин биримдигин чыңдоого, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана коомдук өнүгүүгө зор салым кошкон. Анын адилеттүү башкаруусу, саясий акылмандыгы жана эл арасындагы кадыр-баркы бүгүнкү күнгө чейин үлгү катары эскерилип келет.
Көргөзмөгө Алымбек датканын өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө байланышкан китептер, гезит-журналдарда жарык көргөн макалалар коюлду.

 

 

 

 

Иш-чаранын негизги максаты – Алымбек датканын тарыхтагы ордун, эл биримдигин чыңдоодогу ролун жана улуттук мамлекеттүүлүккө кошкон салымын коомчулукка кеңири таанытуу. Ошондой эле жаш муундардын тарыхый инсандарга болгон кызыгуусун арттыруу жана мекенчилдик сезимин ойготуу болуп эсептелет.

 

Ушундай иш-чаралар аркылуу Улуттук китепкана тарыхый мурастарды сактап, коомго жеткирүүнү улантууда.