Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны

Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны
24 Окт 2025

2025-жылдын 24-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин Председатели, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззакович Раззаковдун 115 жылдыгына арналган «Исхак Раззаков улуттун улуу инсаны» аттуу темада китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросон айылында жарык дүйнөгө келген. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан ажыраган. Хожент шаарындагы Ленинабад балдар үйүндө тарбияланган жана Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду, 1936-жылы Москвадагы пландоо институтун бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү:
-1939-1940-жылдары Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин алдындагы мамлекеттик пландын төрагасы;
— 1940-1944-жылдары Өзбек ССРинин Агартуу элдик комиссариаты;
— 1944-1945-жылдары Өзбек ССРинин Компартиясынын катчысы;
— 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы;
— 1950-1961-жылдары Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи к6
— 1961-1962-жылдары СССРдин мамлекеттик экономикалык кеңешинин мүчөсү;
— 1962-1965-жылдары СССР министрлер кеңешинин алдындагы мамлекеттик илимий – экономикалык бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенген.
Сыйлыктары:
Эки ирет Ленин сыйлыгы жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016-жылы “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамы ыйгарылган. Исхак Раззаков 1979-жылы 18-мартта Москва шаарында каза болгон. Кийинчерээк сөөгү Кыргызстанга көмүлгөн.
Китеп көргөзмөгө Исхак Раззаковдун өмүрү, ишмердиги тууралуу документтер, токтомдор, докладдар, макалалар жайгаштырылды.