Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Бажов киномарафону ийгиликтүү өттү

Бажов киномарафону ийгиликтүү өттү
30 Окт 2025

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Бажов киномарафону болуп, анда 57 жашында жомокторду жазып, Сталиндик сыйлыкка ээ болгон Павел Бажов тууралуу кеңири маалыматтар айтылды. Китепкананын кызматкерлери жана долбоордун демилгечилери менен чыгармачылык жолугушуу уюштурулуп, Улуттук китепканага Павел Бажовдун китептери тапшырылды. «Бажов» кайрымдуулук фондунун директору Полыганов Сергей Владимирович китепкана жамаатына чын дилден ыраазычылыгын билдирип, атайын сыйлыктарын жетекчиликке тапшыруу менен жолугушууга активдүү катышкандарга дагы кыргыз жана орус тилдеринде басылган «Таш гүл/ Каменный цветок» китебин жана башка кызыктыруучу сыйлыктарды берди.

«Бажов киномарафону» долбоору «Бажов» фонду тарабынан демилгеленип, Президенттик маданий демилгелер фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.