Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканада маданият күнү белгиленди

Улуттук китепканада маданият күнү белгиленди
31 Окт 2025

Кечээ, 2025-жылдын 30-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында маданият күнү белгиленди.

Улуттук китепкананын директору Аттокуров Элдар Эртабылдыевич куттуктоо сөзүндө кыргыз маданиятын өстүрүүдө китепканачылардын орду зор экенине токтолуп, алар унчукпай туруп окуткан, унчукпай туруп элди тарбиялаган кесип ээлери экенин баса белгиледи.

“Китеп жок жерде эч качан өнүгүү болбойт. Китеп жок жерде илим да, маданият да болбойт. Ошондуктан, бүгүнкү маданият күнү китепканалар жана китепканачылар үчүн абдан маанилүү. Анткени, маданият да, тарбия да китептен башталат. Китепканачылар маданияттын, ынтымактын, келечектин үлгүсү. Бул кесиптин ээлери жан дүйнөсү казынага, маданиятка, адабиятка толгон инсандар. Улуу кесипти аркалап жүргөн биздин улуттук китепканадагы кесиптештерди жана жалпы эле китепканачыларды бүгүнкү маданият күнү менен чын дилимден куттуктайм”- деди ал.
Маданият күнү шаңдуу ыр-күүлөр менен коштолуп, шаң тартуулаган ырчыларга жана кичинекей окурмандарга Улуттук китепкананын атынан сыйлыктар, белектер берилди.

   

Ошондой эле маданият күнүнө карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын маалымат-массалык иштер жана маданий программалар бөлүмү тарабынан китеп көргөзмө уюштурулду.