2025 жылдын 6-ноябрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын «Кыргыз китеби» бөлүмүндө белгилүү акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султановдун “Касиетиңден кагылайын поэзия” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.



Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. 2022-жылдын 3-апрелинде дүйнөдөн кайткан.
Китеп көргөзмө акындын чыгармачылыгын жаш окурмандарга таанытуу, поэзиянын көркөм дүйнөсүн даңазалоо жана улуттук адабиятка кошкон салымын көрсөтүү максатын көздөйт.
Көргөзмөгө жазуучунун эмгектери, архивдик материалдар жана сүрөттөр коюлду.