Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Кыргызстандын көркөм өнөрү этно-маданий мейкиндикте» аттуу эл аралык конференция болуп өттү

«Кыргызстандын көркөм өнөрү этно-маданий мейкиндикте» аттуу эл аралык конференция болуп өттү
14 Ноя 2025

2025-жылдын 14-ноябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Сүрөтчүлөр союзу уюштурган «Кыргызстандын көркөм өнөрү этно-маданий мейкиндикте» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

 

 

 

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстандан келген окумуштуулар жана белгилүү искусство таануучулар, сүрөтчүлөр, маданий мекемелердин жетекчилери катышып, кыргыз көркөм өнөрүнүн тарыхый өнүгүүсү, этно-маданий өзгөчөлүктөрү жана замандын талабына жараша трансформациясы кеңири талкууланды.
Ошону менен бирге «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизинде И.Арабаев атындагы КМУнун искусство жана дизайн институтунун тарых барактарынан алынган этно коллекциясынын заманбап интерпретациясы — мода көргөзмөсү көрсөтүлдү.