2025-жылдын 2-декабрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, 4-декабрь – «Манас» эпосунун күнүнө арналган «Манасым – менин мурасым» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.






Иш-чаранын 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө «Манас» эпосундагы окуяларды жана каармандарды чагылдырган сүрөттөр жана скульптуралар жайгаштырылды.
![]()
![]()
![]()
Иш-чаранын 2-бөлүгүндө Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчыларынын, М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун студенттери, борборубуздагы № 1, № 5, № 51, № 78 жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты. Комузда кол ойнотулуп, А. Огонбаевдин «Маш ботой», «Жаштар маршы» күүлөрү чертилди. Кыргыз элинин эмгек ырлары «Бекбекей», «Шырылдаң» ырлары, «Курманбек» поэмасы, «Ата Мекен», «Алга, Кыргызстан» аттуу ырлар ырдалды.
Улуттук китепкананын жетекчилиги жана жамааты активдүү катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Эскерте кетсек, Улуттук китепкананын маалымат-массалык иштер жана маданий программалар бөлүмү тарабынан дагы «Манас эпосу руханий маданияттын уңгу мурасы» деген темада китеп көргөзмө уюштурулду.