Эл аралык майыптар күнүнө карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин окуучуларына китеп жана таттуу белектерди тапшырды.


Улуттук китепкана көп жылдардан бери аталган мектеп менен кызматташып, алака түзүп, көп иш-чараларды биргелешип өткөрүп, жардам берип, демөөрчүлүк кылып келет.
Белгилей кетсек, бүгүн, 5-декабрда «Күн баарына бирдей тиет» аттуу 25-шаардык фестивалда жана прикладдык искусство сынагынан Гран-при алган жана биринчи орунду жеңген окуучулар Улуттук китепкананын кызматкерлерин жана башка демөөрчүлөрдү чакырып, атайын чоӊ программадагы концерт тартуулашты жана окуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Мектеп мугалимдери жана тарбиячылар тарабынан уюштурулган бул иш-чара бийик деӊгээлде өттү.

Мектептин директору Абдулазизова Ай-Перим Сталбековна Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуровго жана китепкана кызматкерлерине тереӊ ыраазычылык билдирди.