13-декабрда саат Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, адабиятчы, котормочу жана публицист, маркум Алым Токтомушевдин «Жолбүгүн» аталышындагы китебинин бет ачары болуп өттү.









Алым Токтомушев убагында «Ала Тоо» журналында, «Кыргызстан маданияты», «Асаба», «Агым», «Алас» гезиттеринде көп жыл иштеген. Кыргыз Республикасы эгемен өлкө болгон 1991-жылдардан тарта саясий публицистикада үзүрлүү иштеп, коомдук турмушта резонанс жараткан көптөгөн материалдарды жарыялаган. «Асаба» гезитинде иштеген жылдары «Жолбүгүн» рубрикасынын алдында баш макалаларды жазып, коомчулукка кеңири таанылган. Бул рубриканы кийин «Агым» гезитинде уланткан.







Иш-чарага маданият ишмерлери, журналисттер, адабият сүйүүчүлөр, калемдештери, санаалаштары, коомдук ишмерлер жана маркумдун жакындары катышты. Бет ачарда автордун чыгармачылык жолу, публицистикадагы орду, коомдук турмушка кошкон салымы тууралуу сөз болуп, жылуу эскерүүлөр айтылды.
Алым Токтомушевдин бардык макалаларын Кыргызстандын акыркы 30 жыл ичиндеги саясий, экономикалык летописи катары кароого болот. Мындан тышкары публицист саясий, экономикалык аналитикалык макала жазуунун мыкты үлгүлөрүн калтырып кеткен. Жазуудагы жекече стили, лексикасы жана ар бир жазган темасын кенен түшүнүп, терең талдай билгени – аны журналисттердин кийинки муунуна үлгү боло турган авторго айлантты.
Алым Токтомушевдин тандалма материалдарынан түзүлгөн «Жолбүгүн» китебин анын шакирти, журналист Аскер Сакыбаева чыгарган.