Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканада «Кыргыз алфавитинин тарыхы» аттуу китеп көргөзмө ачылды

Улуттук китепканада «Кыргыз алфавитинин тарыхы» аттуу китеп көргөзмө ачылды
23 Янв 2026

2026-жылдын 23-январында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө «Кыргыз алфавитинин тарыхы» аттуу китеп көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөгө И. Арабаевдин алгачкы «Алиппеси», кыргыз тили илимине негиз салган алгачкы профессор К. Тыныстановдун эмгектери, 1940-жылы кабыл алынган Кыргыз тилинин жаңы алфавити жана орфографиясы, англис тилинен которулган 1963-жылы жарык көргөн Британиялык жазуучу жана лингвист Дэвид Дирингердин «Алфавит» аттуу баалуу окуу китеби, белгилүү акын, жазуучулар К.Акиев, Т. Молдо, А.Осмонов, А.Токомбаев, К.Маликов, Т.Сыдыкбековдун чыгармалары, темага байланыштуу «Кызыл Кыргызстан» газетасына жарыяланган макалалар жайгаштырылды.

 

Белгилей кетсек, кыргыз жазуусунда 1923-жылдан 1927-жылга чейин араб ариби, 1927-жылдан 1941-жылга чейин латын ариби колдонулуп келген. 1941-жылдын 31-январынан баштап орус графикасынын негизинде түзүлгөн 36 тамгадан турган кыргыз алфавити кабыл алынган.

Кыргызстандын жана кыргыз тилинин тарыхына кызыккан бардык окурмандарды китеп көргөзмөгө чакырабыз.