Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы китеп сүйүүчүлөрдүн күнүнө айланган «14-февраль – Эл аралык китеп тартуулоо күнү» майрамын салтка айлантып, жылына иш-чара өткөрүп келет. Быйыл да 13-февралда, саат 10:30та, Ч. Айтматов залында “Китеп жан дүйнөгө эшик ачат, жарык чачат” аттуу иш-чарага белгилүү акын, жазуучу, коомдук ишмер, мугалимдерди жана басмакананын жетекчилерин чакырып, китептерди белекке алып, Улуттук китепкананын китеп фондун толуктаганы турат.
Урматтуу окурман, баарыңыздарды келе жаткан Эл аралык китеп тартуулоо майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана уюшулуп жаткан иш-чарабызга чакырабыз!