
2026-жылдын 17-мартында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду Бурулкан Карагулованын “Байыркы обон” китеби жана анын шакирти Таалайбек Төлөнбаевдин “Карегимде Ата Журт”, “Эки тагдыр”, түрк тилине которулган “Iki kader” китептери менен толукталды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын, ТүркСОЙ эл аралык НИЗАМИ жана бир топ сыйлыктардын ээси, маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү акын Бурулкан Карагуловага жана маданияттын мыкты кызматкери, ондон ашык монография, жыйырмадан ашык илимий макалалардын автору, Эл аралык Инновациялык Технология университетинин докторанты, Арстанбап айыл аймагынын ардактуу атуулу, акын, обончу Таалайбек Төлөнбаевге ыраазычылык билдиребиз!