
А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата 19-мартта «Алыкулдун Акбозаты — Аалам кезип баратат» аталыштагы эл аралык иш-чара өтөт.
“Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин башчысы Памирбек Казыбаевдин демилгеси менен А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана, А.Осмонов атындагы эл аралык фонд жана Мажарстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги биргеликте өткөрүп жаткан иш-чарага А.Осмонов атындагы эл аралык фондунун жетекчиси Бек Осмонов, А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин директору Замирбек Асаналиев, Алыкул таануучулардын бири, публицист Мундузбек Тентимишев жана Мажарстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, Мажар улуттук банкынын көзөмөл кеңешинин төрагасы, «Консервативдүү өнөркана» фондунун камкордук кеңешинин төрагасы Ференц Папчак, кыргыз-мажар котормочусу, түрколог, этнограф Даут Кара Шомфаи катышат.
Иш-чара Алыкул Осмоновдун айкелине гүл коюу жана китеп, сүрөт көргөзмөсү менен башталып, Ч.Айтматов залында уланат.
Даут Кара Шомфаинин кыргыз-мажар (венгер) тилине которгон А.Осмоновдун “Көл толкуну” китебинин бет ачары болот.