(нет перевода) 2010- жылдын 1- октябрында Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыз маданиятынын залкары, мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалованын 90 жылдыгына байланыштуу «Легендага айланган өмүр» китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.
Бул жыйынга республиканын илим, маданият тармагынын, белгилүү акын, жазуучулардын, партиянын жана эмгек ардагерлери, массалык- маалымат каражаттарынын кызматкерлери чакырылып, 400го жакын өкүлдөр келип катышты.
Бул салтанаттуу мааракеге Кыргыз Республикасынын Президенти Р. И. Отунбаева катышып, К. Кондучаловага арналган китеп- көргөзмөнү карап чыгып, өзүнүн каалоо баасын берди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору, профессор Ж. К. Бакашова китеп-сүрөт көргөзмө боюнча кеңири маалыматтык ынанымдуу обзор баянын жасап, тµмөнкүлөргө токтолду.
К. Кондучалова эмгек жолун 1938- жылдан бери 65 жыл Кыргыз Республикасынын коомдук – саясий жана маданият майданында жетекчи жана уюштуруучу катары эбегейсиз зор салымын кошкон.
Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин тµрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри болуп иштеп, СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине эчен жолу депутат болуп шайланган.
Кулуйпа Кондучалова маданиятыбыздын легендасы, ал 22 жыл Маданият министри болуп эмгектенди. Өлкөбүздөгү маданият саясаты, маданий- агартуу мекемелеринин жакшыртылышы, профессионалдык жана өздүк – көркөм чыгармачылык искусствонун гүлдөгөн доору, чыгармачыл, жогорку квалификациялуу адистердин бүтүндөй бир муунунун тарбияланышы Күлүйпа Кондучалованын ысымы менен байланышкан.
1958- 1970- жылдарда Кыргызстандын маданияты бардык тармактары боюнча дүйнөдө сенсация жараткан. «Кыргызское чудо» кино өнөрү Европаны таңгалдырса, «Айтматов адабий феномени» СССРдин көккө көтөргөн байрагы болгон кыргыз операсы, балети жана театрлары улут искусствосунун даңкын чыгарган. Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвадагы он күндүгү республикабыздын, бүткүл элибиздин турмушундагы унутулгус чоң окуялардын бири болгон.Декаданын 329у СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган.
К. Кондучалованын демилгесинин, конкреттүү иштеринин натыйжасында республикада искусство жана маданият кызматкерлерин даярдоонун бирдиктүү системасы түзүлүп, адистерди окутуу үчүн Москвадагы искусство,маданият,полиграфия инситуттарына, консерваторияларга, Москванын, Ленинграддын, ГИТИСтин, ВГИКтин,Ташкент, Алма-Ата жогорку окуу жайларына конкурссуз орундарды бөлдүрүүгө жетишкен.
К.Кондучалова көп жылдар бою жемиштүү иштеген эмгеги үчүн даңазалуу сый урматтарга ээ болгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, « Ардак белгиси» ордендеринин, алты медалдын ээси, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамдын ээси, Эл аралык Курманжан датка сыйлыгынын лауреаты, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, ошондой эле 1 жана 111 даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Күлүйпа Кондучалова «Кыргыз Республикасынын Баатыры» улуу наамын «Ак шумкар» өзгөчө белгиси менен сыйланган. К. Кондучалованын талыбаган эмгеги, уюштуруучулук жөндөмү, бийик адамгерчилиги, принциптүү ишмердүүлүгү китеп-сүрөт көргөзмөсүндө чагылдырылып, ал жөнүндө көптөгөн китептер, брошюралар, макалалар, ой-пикирлер, каалоолор, сүрөт иллюстрациялары коюлду.