Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

1916-жылдагы которулуш курмандыктарынын элесине арналган «Азаттык деген асыл соз» аттуу коргозмо

06 Авг 2010
2010-жылдын 6-августунда саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде 1916-жылдагы көтөрүлүш курмандыктарынын элесине арналган «Азаттык деген асыл сөз» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өткөрүлөт.
Август айынын биринчи аптасынын жума күнү кыргыз элинин Улуттук боштондук күрөшүнүн курмандыктарын Эскерүү күнү болуп, акыркы жылдарда дайыма белгиленип жатат.
Кыргыз элинин курмандыктарынын толук маалыматтары так ушул Улуттук китепканада топтолгон. Көргөзмөнүн экспозицияларына көптөгөн китептер, газеталык публикациялар, интервьюлар, тарыхчылардын изилдөөлөрү, документалдуу сүрөттөр, уникалдуу тарыхый материалдар, бул окуяга арналган кыргыз авторлорунун эмгектери коюлган.
1916-жылдагы жалпы элдик көтөрүлүш дүйнө тарыхынын эң эле трагедиялуу барактарынан. Анын кайгылуу жактары жана эбегейсиз кан төгүлүшү кыргыз жана жалпы эле Борбордук Азия элдеринин тарыхындагы эстен кеткис окуя болуп эсептелет.
Орусиялык падышалык саясат боюнча жарактуу жерлердин баары тартылып алынган соң кыргыздардын бөлүгү тоо тарапка толугу менен сүрүлө баштайт. Кыргыздардын тамырын кесип, жер-сууну келгин орустарга бошотуп берүү үчүн ар кандай саясаттар колдонулду. Анын бири 1916-жылы 25-июлда орус падышасынын Чыгыш Сибирь Түркстан жана Казакстанда жашаган 19дан 45жашка чейинки жергиликтүү эр-азаматтар толугу менен кан майдандын кара жумушуна милдеттүү түрдө алынсын деген буйругу болду. Эзүүчүлөрдүн жүргүзгөн саясатына каршы кыргыз эли көтөрүлүшкө чыккан. Теңдешсиз таймашта Чүй, Ысык-Көл, Нарын жергесиндеги кыргыздардын 40% кыргынга учурап, 170 миңдей адамдын аёсуз курмандыкка чалынышы менен аяктады.
Бул көтөрүлүш «Yркүн» деп аталып, кыргыз тарыхында өчпөс орду бар экенин мезгил ырастап отурат.
Көргөзмө 3 бөлүмдөн турат:
1. Yркүн азаптары
2. Ак ийилет, сынбайт
3. Эскерүү сүртүмдөрү
Бул көргөзмөгө Убактылуу өкмөттүн, министрликтеринин жооптуу кызматкерлери, илимий, маданий кызматкерлер, чыгармачыл инсандар жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.