Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

20-кылымдын Гомери

20-кылымдын Гомери
26 Сен 2019

КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жанан өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2019-жылдын 27 сентябрында “XX- кылымдын Гомери” аттуу Саякбай Каралаевдин туулган күнүнүн 125 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү окурмандарга тартууланат.
Кыргыз журтунун эң зор сыймыгы болгон “Манасты” даңазалап, анын улуулугун өзүнүн улуу таланты менен далилдеген, өз заманынын эң залкар манасчысы бугунун арыкмырза уруусунун сарыкалпак уругунан чыккан Саякбай Карала уулу 1894-жылы күзгө маал Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнүн Семиз –Белинде жарык дүйнөгө келген. Болочок манасчынын аталары кедей-кембагал, момун адамдар болгон. Оокаттары өтпөгөндөн кийин С. Каралаев төрөлгөндөн көп өтпөстөн Жети -Өгүз тарапка көчүп барышат. Анын балалык чагы ушул жерде өтөт. Ата-энесинин мойнуна минген кедейчилик бул жерде да түшө койбойт. Айласы кеткен Караланын үй-бүлөсү 1912-жылы кайра өз жерине, Семиз-Белге көчүп келишет. Замандаш айылдыштарынын эскерүүлөрүндө С. Каралаевдин “Манаска” дит коюп, аракет кыла баштоосу ушул жылдарга туура келет. Саякбайдын талантынын эрте ойгонушуна чоң энеси Дакиш түрткү берет. Ал “Манастын” кара сөз түрүндө баяндалган сюжетин да ошол чоң энесинен уккан.
Каралаев 1924-жылы Кыдыр аке, Чоюке манасчыга жолугуп, Кыдыр аке Саякбайга карап: “Балам Манастын арбагы колдосун жомоктун туу чокусуна чыгууңа насип буюрсун, жолуң ачысын балам, Оомийин!” деп, батасын берген экен. “Манас” эпосунун көлөмүн дүйнөдө теңдеши жок чекке жеткирген Саякбай Карала уулунан 500 553 сап ыр турган”Манас” (анын ичинен “Манас”- 84 513 сап ыр, “Семетей”- 31 6157сап ыр, “Сейтек” – 84 697 сап ыр, “Кенен”, “Алымсарык”, “Кулансарык” – 15 186 сап ыр) эпосунун алты бөлүгү, башкача айтканда Манастын беш мууну толук жазылып алынган. Манасчынын варианттын жазуу иштери 1932-жылдан башталып, 1947 — жылга чейин улантылган. Ал эми 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик радиосунун “Алтын казнасына” Каралаевдин айтуусу боюнча 45 000 метрлик үн тасмасына “Манас”, “Семетей” бөлүктөрү жазылып алынган. 1966-жылы М. Убукеевдин демилгеси боюнча “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан “Манасчы” атуу эксперименталдык кинотасма тартылат. 1968-жылы Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча үн тасмага “Манас” эпосу толугу менен түшүрүлгөн.
Саякбайдын “Манасы” гректердин “Иллиада” менен “Одиссеясынан”(экөө биригип- 27 803 сап ыр) 20 эсеге, инди элинин “Махабхаратасынан” (баардык бөлүмдөрү биригип- 200 000 сап ыр) 2,5 эсеге көптүк кылат. Заманыбыздын залкар акыны Б. Сарногоев айткандай: Сакемдин өзүн карасаң,
Cакадай болуп кичине.
Айкөл Манас бүт баткан,
Алмадай баштын ичине! – деп тамшанбаска айла жок.
Кыргыз ССРинин жазуучулар Союзунун мүчөсү, 1939 — жылы Кыргыз ССРинин “Эл артисти”, “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ардак белгиси” ордендеринин үч жолку ээси, “Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн” медалдын, ошондой эле бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси, алп манасчы Саякбай Карала уулу 1935-1954- жылдары Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын солисти болуп эмгектенип, кийин эс алууда жүрүп, 1971-жылы, 7-майда Фрунзе шаарында каза болгон.

Дареги: А. Осмонов ат. КР УК сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү. 2 этаж № 57 каб. Тел: 30-46-79.