Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

2021-жылдын 20-23-июнь күндөрү Кыргызстанда «Санарип доорундагы китеп жана окуу» деп аталган Эл аралык II конференция өтөт

19 Июн 2021

2021-жылдын 20-23-июнь күндөрү Кыргызстанда «Санарип доорундагы китеп жана окуу» деп аталган Эл аралык II конференция өтөт.
Өткөрүлүүчү жери: Ысык-Көл району, «Аврора» санаторийи (Булан-Сөгөттү айылы).

Конференцияны КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Китепкана кызматташтыгынын региондор аралык борбору, ЮНЕСКОнун “Бардыгы үчүн маалымат” программасынын Россиядагы комитети, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Кыргыз Китепканалар Ассоциациясы биргелешип уюштурушкан.
Конференциянын максаты — санариптик трансформация шартында коомчулуктун интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу үчүн маанилүү булак, анын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердеги балдар жана жаштар үчүн окууну колдоо жана өнүктүрүү проблемасынын маанилүүлүгү жана актуалдуулугу жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана күчөтүү.
Конференцияга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Украинадан келген КМШ өлкөлөрүнүн ири Улуттук китепканаларынын директорлору, республиканын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери, илимпоздор, илимий изилдөө жана билим берүү мекемелеринин адистери, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн басмаканаларынын адистери катышат.
Конференциянын жүрүшүндө Пленардык жыйындарды 4 секцияда өткөрүү пландаштырылууда:
1-секция. «Китеп маданияты жана коммуникация: өткөндөр, азыркы учур жана келечек». Анын катышуучулар Беларустагы, Россиядагы жана Украинадагы заманбап адабий чыгармачылыктын маселелерин, Кыргызстандагы китеп чыгаруу жана китеп таркатууну, Россиянын китеп басуу тармагы үчүн бирдиктүү информациялык платформа түзүү, Беларустун китепканаларынын убакыттагы жана мейкиндиктеги басма кызматын, демократиялык имиджди калыптандырууда ЖМКнын ролу ж.б. маселелерди талкуулашат
2-секция «Окуу жана билим берүү». Бул секцияда санариптик доордо маалыматты кабыл алуу маселеси каралат: санариптик дүйнөдө ойлонуп окууну калыптандыруу, китеп окууга кызыктыруунун учурдагы практикасы — “Эмнени окуш керек жана кантип окуйбуз”, санарип коллекцияларын окуу үчүн колдонмо катары пайдалануу, Өзбекстандагы маалымат-китепкана адистеринин медиа-маалыматтык компетенттүүлүгү, мульти-сабаттуулук XXI кылымдагы билимдүүлүк катары, Кыргызстандагы китепкана кызматкерлерин электрондук чөйрөдө иштөөгө үйрөтүү ж.б..
3-секция. «Китеп, окуу жана китепкана», анда китепканачылардын китепти, окууну жана китепканаларды жайылтуу боюнча чыгармачыл долбоорлору талкууланат; китеп таануу призмасы аркылуу окуу, психология жана маданият, ошондой эле коомчулукту китеп окууга тартуу үчүн китепкана кызматы, мектеп окуучуларын адабият аркылуу улуттук маданияттын негиздери менен тааныштыруу ж.б. маселелер.
4-секция «Китепкана жана МКТ». Катышуучулар пандемия мезгилинде Беларуссиянын Улуттук китепканасынын виртуалдык кызматтарынын өнүгүшү, санарип доорундагы коомдук китепкана фондусун түзүүнүн өзгөчөлүктөрү, Россиядагы корпоративдик китепканалардын бизнес процесстерин автоматташтыруу менен алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жана башка маселелерди карашат.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, Конференциянын материалдарынын электрондук жыйнагы жарыяланат.

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел .: 30-46-75. Дареги: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү, 208.

С 20 – 23 июня 2021 г. состоится II Международная конференция «Книга и чтение в цифровую эпоху» в Кыргызстане.
Место проведение: Иссык-кульская область, санаторий «Аврора» (с. Булан-Соготу ).
Организаторами Конференции являются Межгосударственный фонд гуманитарного сотрудничества государств-участников СНГ, Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики, Межрегиональный центр библиотечного сотрудничества Российский комитет Программы ЮНЕСКО «Информация для всех», Национальная библиотека Кыргызской Республики имени А. Осмонова, Ассоциация библиотек Кыргызской Республики.

Цель Конференции – повышение и укрепление в общественном осознании важности и актуальности проблемы поддержки и развития чтения, в том числе детского и юношеского чтения в государствах-участниках СНГ, как важнейшего ресурса повышения интеллектуального потенциала общества в условиях цифровой трансформации.
В работе Конференции примут участие директора крупнейших Национальных библиотек стран СНГ из Азербайджана, Армении, Беларуси, Казахстана, Кыргызстана, Молодовы, России, Таджикистана, Узбекистана, Украины, руководители министерств и ведомств республики, ученые, специалисты научно-исследовательских и образовательных учреждений, а также издательств стран СНГ.
В ходе Конференции планируется проведение Пленарного заседания в 4-х секциях:
Секция 1 “Книжная культура и коммуникация: прошлое, настоящее и будущее”, где участники обсудят вопросы современного литературного творчества Беларуси, России и Украины, книгоиздание и книгораспространение в Кыргызстане, создание единой информационной платформы книжной отрасли России, издательские сервисы библиотек Беларуси в пространстве и времени, роль СМИ в формировании демократического имиджа и др.
Секция 2 “Чтение и образование”. В данной Секции будут рассмотрены о восприятии информации в цифровую эпоху: формирования вдумчивого чтения в цифровом мире, современные практики по привлечению к чтению – “Что читать и как читать”, цифровые коллекции как руководство чтением, формирование медийно-информационной компетентности информационно-библиотечных специалистов в Узбекистане, мультиграмотность как навык XXI века, подготовка библиотечных кадров Кыргызстана к работе в электронной среде и др.
Секция 3 “Книга, чтение и библиотека”, где будут обсуждены творческие проекты библиотекарей по продвижению книги, чтения, библиотеки; психология и культура чтения через призму книговедения, а также библиотечные услуги для привлечения сообщества к чтению, приобщение школьников к основам национальной культуры через литературу и др.
Секция 4 “Библиотека и ИКТ”. Участники рассмотрят развитие виртуальных сервисов Национальной библиотеки Беларуси в период пандемии, особенности формирования фонда публичной библиотеки в цифровую эпоху, расширение функционала корпоративных библиотек за счет автоматизации их бизнес-процессов в России и др.
По итогам Конференции будет принята резолюция и издан электронный сборник материалов Конференции.

Национальная библиотека Кыргызской Республики имени Алыкула Осмонова. Тел.: 30-46-75. Адрес: г. Бишкек, ул. Ж. Абдрахманова, 208.