Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

2021-жылы 21-июнунда Кыргыз Республикасынын коомдук китепканаларынын «Жаштардын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүнө Кыргызстандын коомдук китепканаларынын ролу” аттуу XII Форуму «Аврора» санаторийинин конференц-залында ачылат

2021-жылы 21-июнунда Кыргыз Республикасынын коомдук китепканаларынын «Жаштардын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүнө Кыргызстандын коомдук китепканаларынын ролу” аттуу XII Форуму «Аврора» санаторийинин конференц-залында ачылат
19 Июн 2021

2021-жылы 21-июнунда Кыргыз Республикасынын коомдук китепканаларынын «Жаштардын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсүнө Кыргызстандын коомдук китепканаларынын ролу” аттуу XII Форуму «Аврора» санаторийинин конференц-залында ачылат (Ысык-Көл районунун Булан-Соготу айылы).
Иш-чаранын уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Кыргызстандын ачык китепканалар Ассоциациясы, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.
Республиканын китепканачыларынын жыл сайын өтүүчү форуму быйыл Кыргызстандын Президенти С. Н. Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарыяланган Жарлыгынын алкагында өткөрүлмөкчү.
XII Форумдун негизги максаты – республиканын китепканаларынын жаштарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо жаатындагы ишин консолидациялоо, маданий-тарыхый баалуулуктарды кеңири жайылтуу, ошондой эле жаңы технологияларды өнүктүрүү, өлкөнүн китепканаларында электрондук контентти жана маалыматтар базасын түзүү.
Форумда 21-22-июнда 3 секциялык бөлүмдөрдө Пленардык жыйын өткөрүлөт:
1-секция. Китепканалардын ишинин заманбап багыттары.
Бул секцияда Кыргызстандын китепканаларынын санариптик дүйнөдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрү, электрондук китепканаларды түзүү үчүн техникалык базаны өнүктүрүү жөнүндөгү маселелер, COVID-19 пандемиясы учурунда окурмандарга онлайн кызмат көрсөтүүлөр каралат.
2-секция. «Балдарга маданий-руханий тарбия берүүнү өнүктүрүү.
Форумдун катышуучулары айылдык китепканаларда баланы ѳнүктүрүү борборунун ачылышынын, балдар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун зарылдыгы, балдарды жана алардын кызыкчылыктарын коргоо, руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүдө жана тарбиялоодо китепканалардын ролу жана мааниси, өсүп келе жаткан муунга бош убакытты туура пайдаланууда багыт берүү ж. б. маселелерин талкуулашат.
Бул форумда КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан мурда «Мыкты китепкана» наамына жарыяланган конкурстун жыйынтыгы боюнча сыйлоо аземи өтөт. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Форумдун алкагында региондордогу 12 китепканага 50000 сом номиналындагы китептер, анын ичинде облустук, шаардык жана балдар китепканаларына Сертификаттар тапшырылат.
Форумдун жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынат, анда жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жактан тарбиялоодогу китепканалардын ролу, калк китепканаларын санариптик форматта ѳнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жолдору белгиленет.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К. О. Иманалиев ,КР Өкмѳтүнүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлү М. К. Кожоев, ошондой эле билим берүү жана маданият ишмерлери, республиканын жети облусунун айылдык, райондук, шаардык, облустук жана республикалык китепканалардын китепканачылары катышат.

21 июня 2021 года состоится открытие ХII Форума публичных библиотек Кыргызской Республики “Роль публичных библиотек Кыргызстана в духовно-нравственном развитии молодого поколения” в конференц-зале санатории «Аврора» (с. Булан-Соготту Иссык-Кульской области).
Организаторы мероприятия – Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики, Национальная библиотека Кыргызской Республики им. А. Осмонова, Ассоциация публичных библиотек Кыргызстана, Полномочное представительства Правительства КР в Иссык-Кульской области.
Ежегодный Форум библиотекарей республики пройдет в рамках объявленного Указа Президента Кыргызстана С. Н. Жапарова «О духовно-нравственном развитии и физическом воспитании личности».
Основная цель ХII Форума – консолидация деятельности библиотек республики в сфере духовно-нравственного воспитания молодежи, популяризация культурно-исторических ценностей, а также развитие новых технологий, создание электронного контента и базы данных в библиотеках страны. На Форуме состоится Пленарное заседание, которое пройдет 21 – 22 июня в 3-х Секционных отделениях:
Секция 1. Современные направления работы библиотек.
В данной Секции будут рассмотрены вопросы о новых возможностях работы библиотек Кыргызстана в цифровом мире, развитие технической базы для создание электронных библиотек, онлайн услуги для читателей во время пандемии COVID-19 и др.
Секция 2. “Развитие культурно-духовного воспитания детей.
Участники Форума обсудят о необходимости открытия центра развития ребенка в сельских библиотеках, обеспечения широких возможностей для детей, защита их интересов, роль и значение библиотек в духовно-нравственном развитии и воспитании подрастающего поколения, ориентация читателей на правильное использование свободного времени и др.
На Форуме состоится награждение по итогам, объявленного ранее Министерством культуры, информации, спорта и молодежной политики КР республиканского конкурса на звание “Мыкты китепкана” (“Лучшая библиотека”). Победителям конкурса будут вручены Дипломы и денежные призы.
В рамках Форума будут переданы Сертификаты на книги номиналом 50000 сомов 12 библиотекам регионов, в том числе областным, городским и детским библиотекам.
По итогам Форума будет принята Резолюция, где будет отмечена роль библиотек в духовно-нравственном и физическом воспитании молодежи, а также пути реализации программы развития публичных библиотек в цифровом формате.

В мероприятии примут участие заместитель Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики Ж.К. Бакашова, Министр культуры, информации, спорта и молодежной политики КР Иманалиев К.О., Полномочный представитель Правительства в Иссык-Кульской области Кожоев М.К., а также деятели образования и культуры, библиотекари сельских, районных, городских, областных и республиканских библиотек всех семи областей страны.