Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

23-февраль – Ата мекенди коргоо куну

22 Фев 2018
2017-жылдын 22-февралында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын юридикалык адабий бөлүмүндө “Ата Мекен коргоо күнүнө” карата көргөзмө коюлду.
2003-жылдын 20-январында N17-токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү болуп аныкталсын” деп жарыяланган. Ошондон бери Кыргызстанда бул күн элдик майрам катары Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.
1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Булалгачкыжеңиш “Кызыл Армиянын туулган күнү” депаталып калган.
1922-жылы бул күн расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында бүткүл элдик майрам 23-февраль – Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп, жыл сайын белгилене баштаган.
Бул көргөзмөгө төмөнкү чыгармалар коюлду: “Аскер иши”, “Аскердик каармандыкка арналган өмүр”, “Аскердин ар-намысы”, “Аскердин даңкы жөнүндө”, “Жоокер болуп туулбайт”, “Улуу Ата Мекендик согуштагы Кыргызстандык баатырлар”, “Ата Мекендик согуштун баатырлары”, “Святой долг и призвание командира”,“Защита населения, обьектов и территорий», “Великая Отечественная война советского народа в диссертационных исследованиях”, “Великая Отечественная война 1941-1945. События. Люди. Документы” жана башкалар.
Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч.208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүлүмү.
Тел: 30-50-64