Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

23-февраль – Ата Мекенди коргоо кЇнЇ

24 Фев 2017
2017-жылдын 22-февралында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын юридикалык адабий бөлүмүндө “ 23- февраль – Ата Мекенди коргоо күнү” аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.
23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнү. 1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Бул алгачкы жеңиш “Кызыл Армиянын туулган күнү” деп аталып калган.
1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында бүткүл элдик майрам 23-февраль — Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп, жыл сайын белгилене баштаган.
Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып жалпы элдик майрам катары киргизилген. Ошондон бери бул күн Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.
Көргөзмө Ата Мекенди коргоочулар жөнүндө китептер, адабияттар жана кыргыздын төмөнкү макал-лакаптары менен коштолду.