Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

23 — СЕНТЯБРЬ КЫРГЫЗ ТИЛ МАЙРАМЫ.

23 — СЕНТЯБРЬ КЫРГЫЗ ТИЛ МАЙРАМЫ.
23 Сен 2023

24- сентябрда саат 11:00 до А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын китепканасында кыргыз тили майрамына карата иш — чара өтөт.
Иш — чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын РФ Москвадагы өкүлү, КР Саламаттык сактоо жана КР Маданияттын мыкты кызматкери, Москвада “Кайрыктар казынасынын” негиздөөчүсү Бапанов Багыт Шериевич, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү Шералиев Жыргалбек Байыевич жана “Чүй кайрыктары” адабий уюмдун өкүлдөрү Абдылдаева Гүлнара Болотбековна, Жамангулова Айгүл Эсенгуловна, Жаңыбаева Гүльгакы Бахтияровна, Нургазиева Алтынай Болотбековна, Осмоналиев Жумалы Ишенбаевич, Даут Кенже ж.б. региондон келген конокторубуздун катышуусу менен өткөрүлөт.
Кыргыз тил майрамы 1989 — жылдан бери белгиленип келет.