Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

29-АПРЕЛЬ БИШКЕК ШААРЫНЫН ТУУЛГАН КҮНҮ

29-АПРЕЛЬ БИШКЕК ШААРЫНЫН ТУУЛГАН КҮНҮ
29 Апр 2024

Бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын туулган күнү. Бул күнү борор калабызга 146 жыл толду.

Өлкөнүн борбору алгач Пишпек, кийин Фрунзе, андан соң Бишкек болуп өзгөргөн. Учурда өзүнө миллиондой адамды батырган калаа Пишпек деген аталыш менен 1978-жылы 29-апрелде уездик башкаруу катары бекитилген. Ал эми 1924-жылы Пишпек – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, 1926-жылы Кыргыз АССРинин борбору болуп, ошол эле жылы шаардын аты Фрунзе деп өзгөртүлгөн. Республика эгемендүүлүк алган жылы Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алып, Бишкек деген тарыхый ат ыйгарылган.