Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АТАКУЛ ЖАКЫПОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ.

АТАКУЛ ЖАКЫПОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ.
23 Апр 2024
2024-жылдын 23-апрелинде Эл аралык китеп күнүнө карата КР Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясы КР Улуттук жазуучулар союзунун, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын Атакул Жакыповдун чыгармачылык жолугушуу кечесин өткөрдү.
Иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары А.Акбаров, КР Эл акындары С.Акматбекова, М.Ааматов, К.Бакиров, Т.Жороев, КР Эл жазуучулары А.Жакшылыков, А.Матисаков, филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы А.Медетов, Р.Исмаилова, акын К.Көкүлов, А.Дооров, Т.Шайдуллаева, Д.Керимов баштаган калемдештери, «Жаңы толкун» адабий клубунун таланттары, шакирттери катышты. Кеченин катышуучулары автордун чыгармачылыгы тууралуу кеңири кеп кылышып, ырларынан угушту. Эркин баарлашып, эргүү алышты. КР Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын «Адабий мурас» долбоорунун алкагында өтүп жаткан кече алыскы аймактардагы акын-жазуучуларды колдоо максатында уюштурулган алгачкы саамалык. Мындан ары ар бир айда бирден авторду алып чыгып, чыгармачылык кечелерин уюштуруп, адабий пропагандалоо иштерин жүргүзүп турмакчы.