Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Кыргыз эл жазуучусу, акын жана прозаик Зуура Сооронбаеванын 100 жылдыгына арналган – “Көркөм сөздүн зергери” аттуу тегерек стол жана эскерүү кечеси

Кыргыз эл жазуучусу, акын жана прозаик Зуура Сооронбаеванын 100 жылдыгына арналган – “Көркөм сөздүн зергери” аттуу тегерек стол жана эскерүү кечеси
05 Дек 2024

    2024-жылдын 6-декабрында саат 14:00 дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чынгыз Айтматов залында Кыргыз эл жазуучусу, акын жана прозаик Зуура Сооронбаеванын 100 жылдыгына арналган – “Көркөм сөздүн зергери” аттуу тегерек стол жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.

  Зуура Сооронбаева 1924-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жолколот айылында жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык ишти “Ысык-Көл правдасы» гезитинде журналист болуп баштаган.  Жазуучу, акын, драматург. 1943-1979-жылдары «Ысык-Көл правдасы» гезитинде котормочу, кабарчы болуп иштеген. Чыгармачылык жолун 1947-жылы «Корей кызына» деген ырын облустук гезитке жарыялоо менен баштаган. «Чоочун киши», «Астра гүлү» аттуу чыгармалары эл арасына кеңири жайылган. Чыгармачылык жолун 1946-ж. «Эки жаш”, «Учкуч кыз”, «Корея кызына” ырларын «Ысык-Көл правдасы” гезитине жарыялоо менен баштаган.

Алгачкы жыйнагы «Менин айылым” (1960-ж.) деген ат менен жарык көргөн. Кийин «Достук” (1966-ж.) аттуу экинчи китебин чыгарды. Бул жыйнактарда ар кыл темадагы ырлар жана «Достук”, «Асыранды уул” поэмалары орун алган. Бирок автор ошол кездеги актуалдуу деп эсептелген социалисттик мелдеш, партия, комсомол темаларынын тегерегинен чыга алган эмес. З. Сооронбаева проза жанрына да кайрылып, өзүнүн чыгармачылык изденүүсүнүн жемиши экенин күбөлөгөн «Жетимдер” (1970-ж.), «Астра гүлү” (1974-ж,1984-ж.), «Андрей” (1974-ж.), «Ак чач аял” (1976-ж.) повесттерин жаратты. Андан соң «Тоолор билет” (1985-ж.), балдарга арналган «Эс алчы, апа” (1986-ж.) жыйнагы, «Ленинграддан келген кат” (1989-ж.) аңгемелери, «Эркек колукту” (1987-ж.), «Сынган мазар” (1989-ж.) пьесалары, «Чоочун киши” (1-китеби 1988-ж.), «Чоочун киши” (2-китеби 2002-ж.), «Арман” (2002-ж.) романдары жарык көрдү. Азыркы учурда “Чоочун киши” повестинин негизинде жазылган сценарий менен “Кыргыз сериал” мамлекеттик мекемеси тарабынан тартылган киносериал эл сүймөнчүлүгү менен көрсөтүлүүдө.

Зуура Сооронбаева СССР Жазуучулар союзунун жана Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. З. Сооронбаеванын эмгегин коомчулук жогору баалап туулуп өскөн айылындагы орто мектепке ысмы ыйгарылып, музейи ачылды. “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” наамдарынын ээси, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Иш чаранын алкагында китеп-сүрөт көргөзмө уюштурулган, анда Зуура Сооронбаева жөнүндөгү материалдар, анын китептери, макалалары, интервьюлары, фотодокументтери коюлду.

Иш чарага акындар, жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер, окуучулар жана Зуура Сооронбаеванын туугандары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

 

 Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көчөсү 208

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы  тел: 30-46-75