Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттун жүзү — Улуттук китепканага 90 жыл

Улуттун жүзү — Улуттук китепканага 90 жыл
28 Ноя 2024

28-ноябрда, китепканабыздын 90 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чара менен белгиленди. Бул маанилүү дата Кыргызстандын маданият, адабият жана билим берүү тармагындагы өзгөчө окуя катары бааланып, ар түрдүү концерттик программалар менен коштолду.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, китепкана кызматкерлери жана Улуттук маданиятка кайдыгер карабаган жарандар катышты. Программада кыргыз элинин маданий мурасын даңазалаган ырлар, бийлер аткарылып, китепкананын тарыхы тууралуу баяндамалар жасалды. Мындан тышкары, «Кыргызстандын Улуттук иденттүүлүгү жана маданияты», «Санариптештирүү шарттарында китепканалардын билим берүү жана агартуучулук милдеттери» темалары боюнча илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Ал эми Улуттук китепканабыздын, эмгеги менен айырмаланган алдыңкы кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.