Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

5- май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү

5- май Кыргыз Республикасынын  Конституция күнү
04 Май 2021

2021-жылдын 4-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басылмалар бөлүмүндө “5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү” китеп-сүрөт көргөзмө коюлду.
5-май-Кыргыз Республикасынын Конституциясы өлкөнүн баш мыйзам күнү. Бул күн коомдук куруунун принциптери жана нормалары түптөлгөн, биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген күн.
Тарыхка кайрылсак, биздин эл, мамлекет бул бийиктикке карай миңдеген жылдарды, ондогон кылымдарды, узак жолдорду басып өттү. 1924-жылы Россиянын курамында автономиялуу облус, 1926-жылы автономиялуу республика. 1936-жылы өз алдынча республика болуп, өз алдынча эгемендүү мамлекеттүүлүккө жетиштик деп айтып келдик. 1991-жылы союз кулап, СССР өзүнөн-өзү бүлүнгөндөн кийин Кыргыз Республикасы СССРдин Конституциясынын негизинде жашап келди.Өз алдынчалуулукка жетишип, 1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынып, кайрадан 2010-жылы июнь айында өзгөртүлгөн.
2021-жылы 11-апрелде референдумдун негизинде жаңы Конституция кабыл алынды.
Көптөгөн дүйнө өлкөлөрүндөй эле Кыргыз Республикасы үчүн Конституция баш мыйзам болуп саналат.
Көргөзмөгө: Кыргыз Республикасынын конституциясы = Конституция Кыргызской Республики. — 1993-1998, 2003-2007, 2009, 2010 жылдар, Кыргыз жумуриятынын конституциясынын долбоору = Проект Конституции Республики Кыргызстан / Т.К. Тургуналиев, К. Асаналиев, М. Керимбаев, Т. Чоротетегин. – 1992 ж, Кыргыз Республикасынын конституциясы: [Он тилде] = Конституция Кыргызской Республики (Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын 10 жылдыгына арналат). – 2003 ж, Н. Т.Шерипов, Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугу – 2012, Кыргыз Республикасынын Конституциянын түшүндүрмө / Түз.: К. М. Осмоналиев, Р. Ш. Азыгалиев. – 2009.Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалынын конституциалык негизи. Т.Төрөмырзаев. Кыргыз Республикасынын Конституциясына илимий-практикалык түшүндүрмө, Б., 2018 / Түз.: К.М. Осмоналиев, Т.А. Жумабекова; Ред.: К.М. Осмоналиев. Элдик долбоор Кыргыз Республикасынын башмыйзамы ж.б. китептер коюлду