Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

5-МАРТ АК КАЛПАК ЖАНА УЛУТТУК КИЙИМ КҮНҮ!

5-МАРТ АК КАЛПАК ЖАНА УЛУТТУК КИЙИМ КҮНҮ!
05 Мар 2024

КЫМБАТТУУ БИЗДИН ОКУРМАНДАР!
А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы сиздерди «Ак калпак жана улуттук кийим күнү» майрамы менен куттуктайт!
Эң сонун майрам элибиздин бай маданий мурасын жана салттарын эске салат. Бул күнү биз улуттук кийимдин кооздугун, тарыхый мурастарыбыз менен сыймыктанабыз.
Ак калпак, улуттук кийим жүрөгүбүздө биримдиктин, жылуулуктун, жакшылыктын символу болуп эсептелет. Ар бирибиз өзүбүздүн маданиятыбыз, каада-салттарыбыз менен сыймыктанып, келечек муундарга өткөрүп берүүбүз абзел.
Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктап, ар бир үйгө тынчтык, бакубатчылык жана бакыт каалайбыз!