Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

5-МАРТ «АК КАЛПАК ЖАНА УЛУТТУК КИЙИМ КҮНҮ»

5-МАРТ «АК КАЛПАК ЖАНА УЛУТТУК КИЙИМ КҮНҮ»
04 Мар 2024

Кыргызстанда ар жыл сайын 5-мартта “Ак калпак жана Улуттук кийим күнү” белгиленет. Бул күн улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпакжана “Улуттук кийим”, улуттук символ катары кийинки муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан бул майрам өзүнүн майрамдык датасына ээ болгон. Ал эми 5-март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статуска ээ болгон.

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында, “Ак калпак жана Улуттук кийим күнү” аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.