2025-жылдын 11-декабрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мезгилдүү басылмалар бөлүмүндө Эл аралык тоо күнүнө арналган «Жүрөгүм менин тоолордо» аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.

Кыргызстандын аймагынын 75%ын тоолор ээлейт. Өлкөнүн бүт аймагы деңиз деңгээлинен 500 метрден жогору бийиктикте жайгашкан.
Эл аралык тоо күнү жөнүндө глобалдык чечимдин жаралыш тарыхы Кыргызстандан башталат: 2002-жыл Кыргыз Республикасынын сунушу боюнча дүйнөдө «Эл аралык тоо жылы» болуп жарыяланган.
2002-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өткөн Биринчи глобалдык тоо саммитинде Бишкек тоо платформасы кабыл алынып, Бириккен Улуттар Уюму 11-декабрды «Эл аралык тоо күнү» деп жарыялаган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылды «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыялоо демилгесин БУУнун Башкы Ассамблеясынын сентябрдагы 76-сессиясынын жалпы дебатында жарыялаган. Президенттин сунушу 2002-жылы өткөн Биринчи глобалдык Бишкек тоо саммитинин 20 жылдыгын белгилөө максатында демилгеленген.


«Жүрөгүм менин тоолордо» аттуу китеп көргөзмөсүндө тоолор жөнүндө кеңири маалыматтар жайгаштырылды:
— китептер
— газета-журналга жарыяланган ырлар, макалалар
— тоолордун сүрөттөрү жана цитаталар.
Китеп көргөзмөсү 11-декабрдан 20-январга чейин тоолор темасына кызыккан бардык окурмандар үчүн ачык.