Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

7-апрель БЇткЇл дЇйнйлЇк ден соолук кЇнЇ

12 Апр 2011
Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Улуттук китепкананын “Кыргыз китеби” бөлүмүнүн окуу залында “7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Бул күн 1948-жылы 7-апрелде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун түзүлгөнүнө арналган. 1950-жылдан баштап, жылына 7-апрель күнү Ден-соолук күнү өткөрүлөт. Ошондон тарта жылына кандайдыр бир актуалдуу, ден соолукка маанилүү, элге жеткире турган тема девиз кылынып алынат. Бул жылы “Антибиоктерияга туруктуу, бактерияларга каршы, күрөшүү күнү” деген тема жарыяланган. Мына ушул теманын тегерегинде китеп көргөзмө уюшулду.
Көргөзмөгө көптөгөн пайдалуу, кызыктуу материалдар жана ден-соолукка пайдалуу кенештер менен камсыз болду.
Китеп көргөзмөдө “Ден соолукка миң кенеш”, “Будь здоровье страна” деген бөлүмдөр менен жабдылып, медиктердин, окумуштуулардын ой-пикирлери жана илимий эмгектер жана башка материалдар коюлду.