Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“7 — апрель — Элдик революция кЇнЇ”

06 Апр 2018
2018-жылдын 6 — апрелинде А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүмүндө “7 — апрель — Элдик революция күнү” аттуу китеп көргөзмө уюштурулду.
7-апрель — Элдик Апрель революциясы күнү жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорунун негизинде 2011-жылдын 16-декабрында N 238 мыйзамын бир добуштан кабыл алышкан.
1-берене. “Өз Ата Мекени алдында жогорку патриоттук аң-сезимди, берилгендикти калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти тарбиялоо, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларды Кыргыз Республикасынын элинин эсинде түбөлүк калтыруу максатында ушул күн жыл сайын Элдик Апрель революциясынын күнү деп белгиленсин.”
Бул көргөзмөгө газеталардагы макалалар жана китептер коюлду: «7-апрель каармандары», «7-апрель – улуттук каармандык», “Апрель революциясы өлкөнү талкалануудан сактап, Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол ачты”, ”Доор жаңырткан элдик ыңкылаптар”, “Апрельская народная революция: уроки истории и взгяд в будущее Кыргызстана”, “Народные революции, обновившие эпоху” жана башка материалдар коюлду.
Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч.208
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүлүмү.
Тел: 30-50-64