Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

7-апрель Элдик Революция

09 Апр 2013

2013-жылдын 4-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басмалар 7-апрель Элдик Революция күнүнө карата “Эр жүрөк азаматтарыбызды эч качан, эч ким унутпайт” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.


Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2010-жылдын 7-апрелинде бийликке каршы массалык толкундоолор чыккан.

Бул толкундоолордун кесепети абдан оор болду. Бул толкундоолор 87адамдын өмүрүн алып кетти, бир канчалаган жарандардын ден соолугуна залал келтирилди. Карапайым калк менен бийликтин ортосундагы келишпестиктин, араздашуунун, экономикалык-социалдык теңсиздиктин себептеринен улам келип чыккан төңкөрүш.

Китеп-сүрөт көргөзмөдө көптөгөн китептер, газеталык публикациялар, биздин мекенибиз үчүн жанын, канын аябаган баатырларыбыздын сүрөттөрү, макалалар, арноо ырлары жайгаштырылды.

Бул көргөзмө кыргыз коомунун бүгүнкү тагдырына жана келечегине кайдыгер карабаган кыргызстандык атуулдарга, окурмандарга арналат.