Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

А. А. Акматалиевдин 65 жылдык мааракесине арналган “Адамдын эмгектен улуу тиреги жок” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана чыгармачылык кечеси өткөрүлөт.

А. А. Акматалиевдин 65 жылдык мааракесине арналган “Адамдын эмгектен улуу тиреги жок” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана чыгармачылык кечеси өткөрүлөт.
14 Янв 2021

2021-жылдын 15-январында саат 14.00 дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде филология илимдеринин доктору, академик, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси Акматалиев Абдылдажан Амантуровичтин 65 жылдык мааракесине арналган “Адамдын эмгектен улуу тиреги жок” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана чыгармачылык кечеси өткөрүлөт.
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги Акматалиев А. А. Нарын шаарында туулган.
Баш калаадагы №5 орто мектепти, Кыргыз мамлекеттик университетти ийгиликтүү аяктайт. Эмгек жолун Ош институтунда, КМУда мугалим болуп иштеп, 40 жылдан ашуун бир гана жерде Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясында эмгектенип келет. 26 жашында кандидаттык диссертациясын, 34 жашында биринчи Орто Азия чөлкөмүндө докторлук диссертациясын жактаган.
1999-жылы Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер наамына татыктуу болот.
Илимдеги жетишкендиктери үчүн “Ч. Айтматовдун чыгармачылык жолу”, “Айтматовго таасирленүү”, “Ч. Айтматовдун жолу боордош элдер адабияты”, “Айтматов и взаимосвязи литератур”, “Көркөм чыгарма жана тарыхый инсандар”, “Айтматов: Аалам, адам жана космос”, “Көркөм чыгарма жана тарыхый инсандар” сыяктуу ондогон эмгектерди жараткан.
2000-жылы Илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгына (2004-жылы экинчи жолу да алган) татыктуу болуп, Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө шайланган.
Анын көрүнүктүү эмгектери:
“Тандалмалардын” 3 тому, “Кыргыз адабияты”, “Тарых жана мезгил”, “Азыркы кыргыз адабияты”, “Эңсегеним элиме кызмат кылуу”, “Мээнеттин ак жарыгы” китептери англис, немец, француз, түрк, япон тилдеринде жарык көргөн. Ошондой эле “Залкар акындар” (15 том), “Кыргыз адабиятынын тарыхы” (7 том), “Балдар адабиятынын антологиясы” (2 том), “Улуу инсандар” ж.б серияларын ишке ашырат.
А. Акматалиевдин эмгектеринин изилдөөсүнүн эң башкы темасы – Чыңгыз Айтматов жана “Манас” эпосу. Түрк дүйнөсүнүн адабият айдыңында А. Акматалиевдин демилгеси менен төрт китеп басылып чыкты. “Манас”, “Сагымбай” энциклопедиясы, “Манас” эпосунун түшүндүрмө сөздүгү, “Токтогул Сатылгановдун тандалган чыгармалар жыйнагы”, “Чыңгыз Айтматов жана азыркы түрк дүйнөсү”.
Чыгармачылык китеп-сүрөт көргөзмөдө “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Эл адабиятынын” 40 томдугу ж.б китептерди жетектеп, түзүүгө катышып өзү каражат таап чыгарган.
Өзүнүн жазган эмгектери отуздан ашып кеткен.
Илимий жана коомдук иштерде өтөгөн эмгеги жогору бааланып, Айтматов клубдарынын Ассоциациясынын президенти, Айтматов коомдук академиясынын президенти, жазуучулар жана журналисттер союзунун, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү, Япониянын Сока университетинин “Ардактуу доктору”.
Китеп-сүрөт көргөзмөдө А.А. Акматалиевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндө жазылган макалалар, газета-журналдык материалдар жана фотодокументтер коюлду.
Иш-чарага КР Өкмөтүнүн аппараттарынын расмий адамдары, коомдук ишмерлер, билим жана илим кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү туугандары катышышат.

Дареги: Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көч., Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы, тел.: 30-47-04