Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

А. Акматалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган китеп көргөзмө ачылды

А. Акматалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган китеп көргөзмө ачылды
15 Янв 2026

2026-жылдын 14-январында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы «Кыргыз китеби» залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган «Илимге жасаган эмгектери» аттуу китеп көргөзмө уюштурулду.

   

А. Акматалиев 1956-жылы 15-январда Нарын облусундагы Нарын шаарында туулган.

Көргөзмөдө окумуштуунун илимий чыгармалары, жарык көргөн эмгектери жана кыргыз илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кеңири маалыматтар коюлду.