Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Эл аралык майыптар күнүнө карата “Мүчүлүштөн мүңкүрөбөгөн тагдырлар” аттуу көргөзмө уюштурулду

Эл аралык майыптар күнүнө карата “Мүчүлүштөн мүңкүрөбөгөн тагдырлар”  аттуу  көргөзмө  уюштурулду
02 Дек 2020

2020- жылдын 3-декабрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басылмалар бөлүмүндө Эл аралык майыптар күнүнө карата “Мүчүлүштөн мүңкүрөбөгөн тагдырлар” аттуу көргөзмө уюштурулду.
1992-жылы майыптардын он жылдыгынын аягында (1983-1992) Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы өзүнүн №47/3 резолюциясы менен 3-декабрды Эл аралык майыптар күнү деп жарыялаган. Бул жарлыктын максаты майыптыгы бар адамдарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, майыптар жөнүндө билимди жогорулатуу жана колдоо болгон.
Ал эми 2006-жылдын декабрь айында БУУнун Генералдык ассамблеясы майыптар укугу жөнүндөгү конвенцияны кабыл алган. Конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген, анын негиздери: Адамга таандык кадыр-баркын жана жеке көз карандысыздыгын сыйлоо, дискриминациялабоо, коомго толук жана эффективдүү кошуу, майыптардын өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана адам түркүмүнүн, адам бөлүгүнүн бири катары кабыл алуу, мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдиги, жеткиликтүүлүк, аял жана эркек теңдиги, майып балдардын өсүп келе жаткан мүмкүнчүлүктөрүн жана майып балдардын индивидуалдуулугун сактоо укугун сыйлоо.
Дүйнөдө орточо эсеп менен бир миллиард майып жашап келет (дүйнө калкынын 15% пайызы), жана алардын дээрлик көпчүлүгү физикалык, социалдык-экономикалык жана жүрүм-турум тоскоолдуктарына кабылат. Бул аларды коомдун жашоосуна толук масштабдуу, эффективдүү жана тең укуктуу катышуудан бөлүп койгондой кылат.
Кыйынчылыктарга моюн сунбай, алардын айрымдары турмушта чоң ийгиликтерге жетишип, белгилүү, атак-даңктуу болгон учурлары көп. Улуу композитор Людвиг Ван Бетховендин кулагы катуу болгон. Бирок, бул кемчилик ага жолтоо боло албаган, ал жараткан музыка бүт дүйнөгө таанылган.
Катуу оорудан кийин АКШнын президенти Теодор Рузвельттин эки буту тең шал болуп калган. Бирок эл аны төрт ирет президенттикке шайлаган. Стивен Хокинг атактуу физик-теоретик жана жазуучу. Хокингдин кыймыл аракет нейронунун сейрек кездешүүчү амиотрофикалык склероз оорусу болгон.
Азыркы кезде ден соолугу чектелүү спортчулардын Олимпиадалык оюндары өткөрүлүп турат.Ар кандай өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандары тагдырына, кыйынчылыктарына сынбай, бактылуу турмушка эч нерсе кедергисин тийгизе албастыгын далилдеп иштеп, жашап келишет.
Баардык адамдардын укуктары бирдей, ден соолугу чектелген адамдарга коом көмөк көрсөтүшү милдет.
Көргөзмөнүн максаты майыптар кадимки дени соо адамдардай эле адам, кээде бизден да улук, майып болсо да ар бир адам ийгиликке жетип, тарыхта изин калтырып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Бул көргөзмөгө газета – журналдардан алынган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жөнүндөгү макалалар, сүрөттөр коюлду.