Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана аркылуу бардык аймактардагы китепканаларга китептер таратылууда

А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана аркылуу бардык аймактардагы китепканаларга китептер таратылууда
13 Июн 2025

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата КР Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен 100 000 нускада басып чыгарылган 100 аталыштагы китептер Чүй облусундагы китепканаларга расмий тапшырылды.

Иш-чара Чүй облустук китепканасында, райондордогу, айылдардагы китепканаларда, андан соң Кеңеш айылында улантылды.
Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Г. Абдыкалыкова, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева, А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын директору А. Аскарова, Чүй облустук китепканасынын директору Т. Каджиева, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Балбакова, ошондой эле айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, активдүү окурмандар катышты.

Белгилей кетсек, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын тарыхында биринчи жолу 100 аталыштагы көркөм жана балдар китептери китепкананын редакциялык бөлүмүндө окулуп, жасалгаланып, 100 000 нускада басылып чыкты. Бул китептердин катарында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору, кыргыз адабиятынын баштоочуларынын эмгектери, балдар үчүн чыгармалар жана дүйнөлүк адабияттын мыкты котормолору бар.

Китеп кербени өлкөбүздөгү алыскы облустарга да сапар алат.