Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасында «Балдар ЇчЇн адабият» сериясынын бет ачары

26 Ноя 2015
2015 ж. 26 ноябрда А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында Кыргызстандын жазуучуларынын жазган “Балдар үчүн адабият” сериясы алдында чыккан китептердин бет ачары болуп өттү. Иш чарага шаардык 30 китепкананын кызматкерлери катышты.
Бул иш чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов ачты. Кыргыз тилин өнүктүрүү, башка элдерге жайылтуу, жазуучуларды колдоп биргеликте иш алып баруу, басмакана иштери туурасында айтып өттү.
Презентацияда чыгып сүйлөгөндөр: тил боюнча Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов; балдар жазуучулары: Абдыкерим Муратов, Жакыпбек Абдылдаев, Сулайман Рысбаев катышышты.
КР УК китепканалык иш боюнча директордун орун басары Байтакова Г. К. Кыргызстандын Мамлекеттик тил комиссиясы чоң иштерди аткарып китепканаларга жардам бергендигине ыраазычылык билдирди. Азыркы кезде жазуучулар акча жөнүндө ойлобой китептерин китепканаларга жана бала бакчаларга бекер таратып жаткандыгы жаш өспүрүмдөрдүн келечегин ойлоп жаткандыгы бизди абдан кубантат.
Шаардын Борбордук китепканаларынын кызматкерлери да өз каалоолорун айтып өтүштү. Алар бул баа жеткис белекти ыраазычылык менен кабыл алышты. Иш чара аягында шаардын китепканачыларына 527 китеп бекер таратылды.