2024-жылдын 16-январында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында кызматкерлердин жыйыны болуп өттү, жыйында директордун у.м.а. Н.Р. Байсакова жана кызматкерлер өздөрүнүн иш сапарлары, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу, окууга, сынактарга жана эл аралык конференцияларга катышуу боюнча отчетторун презентация кылышты.