Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

А.Жапаровдун 90-жылдык юбилейине карата

03 Ноя 2010
(нет перевода)
Кыргыз тили менен кыргыз элинин тарыхы тыгыз байланышта, башкача айтканда, элдин тарыхы-тилдин тарыхы, тилдин тарыхы-элдин тарыхы.
Кыргыз тилинин өзүнө гана таандык азын-оолак өзгөчөлүгү бар, ошону менен катар кыргыз тили бардык параметрлери боюнча түрк тилдеринин системасынан орун алган.
Кыргыздын жаңы жазма маданиятын баштоочусу жана түптөөчүсү, кыргыз тилинин эл үчүн жаңы багытта кызмат кылып тынымсыз кам көргөн көрүнүктүү тилчи, методист А.Жапаров.
Улуттук китепкананын “Кыргыз китеби” бөлүмүнүн окуу залында 2010-жылдын 3-ноябрдан 10-ноябрга чейин “Тоо көтөргүс эмгек” деген темада А.Жапаровдун 90-жылдык юбилейине карата көргөзмөсү уюшулду. Көргөзмө көптөгөн пайдалуу, кызыктуу материалдар менен камсыз болду.
Тил адамзаттын өтө маанилүү байланыш, катнаш куралы болуп саналат. Тилдин аркасында гана адам баласы өз ара пикир алышып, бирин-бири түшүнүп, адамзат коомунун түзүлүшүндө тил эң башкы, негизги өбөлгө болгон.Тилде адам баласынын аң-сезими, дүйнөнү таануусу катталып, мына ошол укумдан-тукумга өткөн аң-сезим, тил адамзаттын азыркы улуу адамзат коомунун түзүлүшүнө, өнүгүшүнө негизги себеп болгон. Тилчи А.Жапаров кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.
Көргөзмөгө “А.Жапаров өмүрү чыгармачылыгы”, “жазуучуга арналган баалуу эмгектер” деген бөлүмдөр менен жабдылып, тарыхчылардын окумуштуулардын ой-пикирлери менен жазылган материалдар жабдылды.