Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ААЛАМГА НУРУН ЧАЧКАН АЙТМАТОВ.

ААЛАМГА НУРУН ЧАЧКАН АЙТМАТОВ.
04 Дек 2023

2023-жылдын 4-декабрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Редакциялык басма жана Музей бөлүмү Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Ааламга нурун чачкан Айтматов аттуу иш-чарасын өткөрдү. Иш-чаранын кадырлуу коноктору: Роза Айтматова, Дарика Жалгасынова, Асан Жакшылыков, Бүбүйра, Бектенова, Күлсүмбүбү Соорбекова болду. Иш-чаранын катышуучулары Ч.Айтматовго арналган ырларын көркөм окуп беришип, ойлору менен бөлүшүштү. Ошону менен бирге, 5-гимназиянын жана ДФХА мектебинин окуучулары, Дене- тарбия Академиясынын студенттери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын театрлаштырып ойноп берүүсү менен коштолду.